“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын премьер-министринин Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарына катышты

09.07.2018

Ага “Айыл Банк” ААКтын төмөнкү өкүлдөрү катышты: Башкармалыктын Төрагасы Мурат Акимов, Лизинг Башкармалыгынын башчысы Урмат Акматов, Каракол филиалынын башкармасы Төлөгөн Осмонов, филиалдын башкы адиси Гульбарчын Ибраимкулова жана Насыялоо башкармалыгынын Талдоо жана аймактык координация бөлүмүнүн насыялоо боюнча менеджери Урмат Кербенбаев.

Премьер-министрдин иш сапарынын программасы көптөгөн иш чараларды камтыды, анын жүрүшүндө ал Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү боюнча региондордун объектилеринин даярдыгын текшерди, Ысык-Көл облусундагы “Балыкчы-Корумду” жана “Семеновка-Григорьевка” жолдорунун курулушунун жүрүшү менен таанышты, жайкы туристтик мезгилдин ичинде конокторду тосуп алууга “Ысык-Көл” эл аралык аэропортунун даярдыгын карап чыкты, мамлекеттик органдардын, пансионаттардын жана эс алуу үйлөрдүн жетекчилеринин жана жергиликтүү активдин өкүлдөрүнүн катышуусу менен туризмди өнүктүрүү жана 2018-жылдын туристтик сезонун уюштуруу маселелери боюнча жумушчу кеңешмесин өткөрдү, Япон эл аралык агенттигинин борборуна  барды, “Бир айыл – бир продукт” долбоорун ишке ашыруунун жыйынтыктары менен жана Каракол шаарынын негизги автомобиль жолдорун реконструкциялоо боюнча пландар менен таанышты. 

Мындан тышкары, Региондорду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча уюштуруу комитетинин отурумун өткөрдү. “Түз инвестициялар региондордун өнүгүүсүндө негизги ресурс болушу керек”, -  деп Премьер-министр отурумда  айтып кетти.  Жакынкы 5 жылдын ичинде инвестициялардын бир жылдык көлөмү АКШнын 300 млн долларына жетиши керек деп белгилеп кетти.  
“Инвестициялар борбордон алынып региондордун өзгөчөлүгүнө жана социалдык-экономикалык абалына жараша жөнөтүлөт. Ошого байланыштуу, “РСК Банк” ААКтын, “Айыл Банк” ААКтын жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчилерине инвестициялоо боюнча көрсөткүчтөрдү жогорулатып, региондордун финансылоосун жылдын аягына чейин активдештирүү боюнча тапшырма берилди”, - деп  Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилеп кетти.

Ошондой эле 2018-жылга карата, “Айыл чарбаны каржылоо - 6” программасын ишке ашыруунун алкагында, айыл чарба товар өндүрүүчүлөргө 5,8 млрд сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялардын берилиши пландаштырылып жатат деп, Өкмөт башчысы билдирди.

Мындан тышкары, Премьер-министр айыл чарба кооперативдерине колдоо көрсөтүү максатында, тиешелүү ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөр киргизилип жатат  деп кошумчалады. Так айтканда, МТС, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери  киреше салыгынан бошотулат, айыл чарба жана кайра иштетүү продукциянын экспорту жана негизги каражаттардын импорту кошумчаланган нарк салыгынан (КНС) бошотулат, ошондой эле мүлккө салык төлөөдөн 50%га чейин бошотуу мүмкүнчүлүгү пайда болот деп, белгилеп кетти.

“Ошону менен бирге, күрөөнү камсыздоо боюнча маселени чечүү максатында, кампа күбөлүгү жаңы финансы инструменти  киргизилип жатат. Ушул механизм аркылуу фермерлер өзүнүн түшүмүн күрөө катары коюуга мүмкүнчүлүк алышат”,- деп Мухаммедкалый Абылгазиев белгиледи.

Ошондой эле Ысык-Көл облусу боюнча иш сапарынын алкагында Премьер-министр Ак-Суу районунун Тепке айылынын “Рейна-Кенч” дыйкан чарбасынын иши менен таанышты, бул чарба Айыл Банктын кардары болуп саналат.

Бул ишкана область боюнча асыл-тукум мал чарбачылыгында жана үрөнчүлүк тармагында алдынкы чарба болуп саналат.

Комплекс  чарбачылыгын  эки миңден ашык гектар жеринде жүргүзөт, анын ичинде айдоо жерлери 410 гектар.  60 киши иш менен камсыздалган.   Ишкана бодо малды, койлорду жана асыл тукум жылкыларды багып өстүрөт.   Бардыгы бир жарым миңден ашык баш. Негизги багыт - мал чарбачылыктан тышкары, агрокомплекс дан өсүмдүктөрдүн үрөндөрүн жана алманын көчөттөрүн өстүрөт.  2012-жылдан баштап фермага жашоо жана чарбаны жүргүзүү иштерине катышуу  мүмкүнчүлүгүн туристтерге көрсөтүп, өлкөдөгү агротуризмдин өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жатат.

Премьер-министрдин фермерлер менен жолугушуусунун жүрүшүндө, фермерлер айыл чарба техникасын лизингге берүү, үрөн менен камсыздоо жана жеңилдетилген насыялоо аркылуу финансылык колдоо маселелерин козгошту. 

 “МТС, логистикалык борборлор жана айыл чарба кооперативдери киреше салыгынан бошотулат. Ошондой эле  айыл чарба жана кайра иштетүү продукциясын экспорттогондо кошумчаланган нарк салыгынан бошотулат” , - деп Өкмөт башчысы баса белгилеп кетти.”

Фермерлерге жаңы технологиялар боюнча мал союу цехтерин куруу сунушталды. Ал цехтерде лабораториялар, карантиндик борбор жана малды багып семиртүү цехтери болушу керек.

 “Адистештирилген мал союу цехтерин ачуу этти чет өлкөлөргө экспорттого мүмкүнчүлүк берет.  Эл аралык стандарттарга ылайык ушундай ишканаларды куруу – бул, жергиликтүү продукцияны ЕАЭСтин рынокторунда сатуу үчүн фермерлерге коюлган негизги шарттардын бири”, - деп  Мухаммедкалый Абылгазиев айтып кетти.

Иш сапардын жүрүшүндө Премьер-министр Жеңиш айылындагы “Жанаалы” фермердик чарбага дагы барып кетти.

Үч жарым гектар жердин аянтында сегиз миң алма бактын, жети миң абрикостун жана төрт миң карагаттын  көчөттөрү отургузулган.   Чарбанын бир жылдык кирешеси бир жарым миллион сомду түзөт.

Өкмөт башчысы айдоо жерлерди карап чыгып фермерлер менен маектешти. Сугат суу менен камсыз кылуу, жерлерди трансформациялоо, ошондой эле айыл чарба өндүрүүчүлөрдүн рыногун кеңейтүү маселелери көтөрүлдү.

 (Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын Маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн материалдары боюнча)

← Тизме боюнча артка