«Айыл Банк» ААКсы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагеринин кайрымдуулук демилгесине колдоо көрсөттү

08.05.2019

1923-жылы Ысык-Көлдүн Саруу айылында туулган Асек Урманбетов майданга 1943-жылдын июнь айында кеткен. Согушта Украинада, Беларуста, Балтика боюнда жүргөн. 1944-жылы жарадар болуп бутунан ажыраган. Майдандагы каармандыгы үчүн бир катар орден-медалдар менен сыйланган. Ал гана эмес, 2005-жылы Маданиятка эмгек сиңирген ишмер наамы берилген. Анткени ал маданият тармагына ат көтөргүс салым кошкон экен.

Карыганда шык даарыган Асек Урманбетов 75 жашында ыр жазып баштаган, бир канча китептин автору. Акын, кара сөз чебери, анын калеминен көптөгөн чыгармалар жаралган, арасында Асек ардагердин ырлары жана эскерүүлөрү камтылган “Токсон бешимдеги отчетум” китеби да бар. Бул эмгегинде согуштун бардык кыйынчылыгын, азап-тозогун тарткан аксакал кийинки урпактарга эстелик өчпөс эстелик, мурас катары башынан өткөргөндөрүн баяндай чыгармага айланткан.

Жашына карабай, аксакал чыйрак жана активдүү. Өзүнүн болгон күчүн, билимин жана бай тажрыйбасын шаардын маанилүү көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоодо. Алтургай, кайрымдуулук кылуу менен да алек - 2004-жылы “Ак Жол” Коомдук фондун уюштурган, ал фонд согуш ардагерлерлерине, улгайган адамдарга, майыптарга, кароосуз калган балдарга, жаш үй-бүлөлөргө, бала бакчаларга жана мектептерге жардам берет.

Бүгүнкү күндө Асек Урманбетов1 млн. 200 миң сомго жардам көрсөттү. Бул жардамды китептери үчүн алган гонорарлардын эсебинен берет. 27 апрель 2019 ж. «Сейтек» Балдар жана өспүрүмдөр борборунда дагы 240 миң сомго жардамга муктаж адамдарга колдоо көрсөттү.

Асек аксакал 2020 жылы өткөзө турган Жениш майрамынын 75-жылдыгына чейин бул жардам суммасын 2 млн. сомго жеткизүүнү ойлоп жатат.

Ардагердин китептерин «Айыл Банк» ААКтын кызматкерлери сатып алып, чыгармачылыгын колдоп, кайрымдуулук ишине салым кошушту.

«Айыл Банк» ААКтын кызматкерлеринини атынан Башкармалыктын орун басары Жолчубек Уметалиев Асек ата менен жолугушту. Ардагер менен баарлашып, маек куруп, каалоо-тилектерин айтты.

← Тизме боюнча артка