Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукцион

06.08.2019

2019-жылдын 06-августунда жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91 күндүк Улуттук банктын ноталарын жайгаштыруу боюнча аукциондору өтө тургандыгы жөнүндө Улуттук банк билдирет. 

Эмиссиянын №

Эмиссиянын   көлөмү  (миң. сом)

Эмиссиянын датасы

Төлөө   мөөнөтү

BD001190814

1 600 000,0

07.08.2019

14.08.2019

BD004190904

450 000,0

07.08.2019

04.09.2019

BD013191106

400 000,0

07.08.2019

06.11.2019

2019-жылдын 30-июлунда өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жүгүртүү мөөнөтү 7, 28 жана 91-күн болгон Улуттук банктын ноталары боюнча орточо алынган кирешелүүлүгү тиешелүүлүгүнө жараша 3,68%, 4,18% жана 4,25% түзгөн.  Жүгүртүү мөөнөтү 182-күндүк ноталардын аукциону суроо талаптын жоктугуна байланыштуу өткөрүлбөгөн катары таанылган. 

 

← Тизме боюнча артка