Жээнбеков Нематулла Пусурманкулович
Жээнбеков Нематилла Пусурманкулович —1968- жылы 10-апрелде Жалал-Абад областынын Сузак районуна караштуу Акчалуу айылында туулган.
Тил билуусу: кыргыз тили, орус тили, араб тили, турк тили
Билими:
- 1975-1985-жылдары Ильич орто мектебин ийгиликтуу аяктаган.
- 1986-1988-жылдары Томск шаарында сержанттык наам менен аскердик кызмат өтөгөн.
- 1988-1990-жылдары Бухара шаарында “Мир Араб” атындагы Ислам институтун аяктаган.
- 1990-1994-жылдары Бишкек шаарындагы “Хазирети Умар” атындагы Ислам институтун аяктаган.
- 1994-1998-жылдары Мекке шаарындагы “Уммул Курс” Эл аралык университетин бүтүргөн.
- 2014-2019-жылдары Жалал-Абад мамлекеттик Университетинин тарых факултетин бүтүргөн.
- 2019-2020-жылдары И. Арабаев университетинин теология факултетинде магистрант.
Эмгек жолу жана ишмердуулугу:
- 1998-жылы Жалал-Абад шаарынын баш имам хатиби
- 1998-1999-жылдары Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссияда специалист
- 1999-жылы КМДБнын мечит иштери боюнча бөлүм башчысы
- 1999-2002-жылдары Нарын облусунун казысы
- 2002-жылы Азирети Муфтийдин орун басары
- 2003-2006-жылдыры Кыргызстан Ислам Университетинин ректору
- 2007-жылы КР Өкмөтунө караштуу ДИМКнын директорунун кеңешчиси
- 2010-жылы Азирети Муфтийдин кеңешчиси
- 2011-жылы КМДБнын аппарат жетекчисинин орун басары
- 2014-жылы Жалал-Абад облусунун казысынын кеңешчиси
- 2014-жылы Жалал-Абад шаарындагы “Исмаил Ал Бухари” мечитинин имамы
- 2017-жылы “Туз багыт” коомдук фондунун төрөгасы
- 2021-жылы Жалал-Абад облусунун мусулмандар казысы