Талапкер ресурстарды натыйжалуу тескөөгө алуу ыкмаларын жакшы өздөштүргөн, аналитикалык ой жүгүртүп, элдер менен мамиле түзө билген, иш жагдайын алдын-ала болжолдой алуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш. Мындан тышкары, Jira, Битрикс24 жана башка ушул сыяктуу тапшырмаларды тескөөгө алуу шаймандарын колдоно алуу жөндөмдүүлүгүнө чоң артыкчылык берилет.
Аткара турган милдеттери:
- Кызматкерлердин иш убактысын уюштуруу жана контролдоо.
- Бизнестеги керектөөлөргө ылайык долбоорлор жана белгиленген тапшырмалар үчүн убакытты көзөмөлдөө системасы менен иш алып баруу.
- Иш убакытын тескөөгө алууга талдап-иликтөө жана процесстерди оптимизациялоо.
- Долбоорду өздөштүрүүгө кеткен тапшырмаларды аткаруу жагында долбоорлордун жетекчилери менен үзгүлтүксүз байланышта болуу.
- Жетекчилер үчүн отчетторду даярдоо.
- Иш жагдайы боюнча телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү.
- Прогресске жана өндурүштүүлүккө мониторинг жүргүзүү.
Коюулуучу талаптар:
- Тайм-менеджемт же долбоорлорду тескөө жагында тажрыйбасынын болуусу (маалыматтык технолоиялар жагындагы ишине артыкчылык берилет).
- Убакытты тескөөгө алуу ыкмаларын жана шаймандарын мыкты түшүнүү.
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана маалыматтарды системага салуу жөндөмү.
- Excel программасы жана олуттуу маалыматтар менен иш алып баруу жөндөмү.
- Эмгек жамаатынын ар бир мүчөсү менен эриш-аркак иштей билүү
- Jira, Битрикс24 жана башка ушул сыяктуу тапшырмаларды тескөөгө алуу шаймандарын колдоно алуу жөндөмдүүлүгү
Иш шарттары:
- Кеңседе иштөө
- Расмий түрдө жумушка кабыл алуу
- Татыктуу эмгек акы (маектешүү учурунда талкууланат)
- Кесиптик жактан өсүү жана жеке жактан жетилүү