Корпоративдик башкаруу

Корпоративдик башкаруу

Корпоративдик башкаруу – бул, Банктын ишинде стандарттардын сакталышын, иш алып баруунун ачык айкындуулугун камсыз кылган система. Аталган ишти жүзөгө ашыруу банк ишинин туруктуу өсүшүн жана туруктуулугун колдоого алып келет.

Иш багыты

Корпоративдик башкаруу системасы

Корпоративдик башкаруу тармагында ишкердиктин ачыктыгы, эл аралык пиринциптер менен тажрыйбаларга дал келүү Банктын туруктуу жана ийгиликтүү өнүгүүсүнүн шарты болуп саналат. Корпоративдик башкаруу Банктын аткаруу органыны менен Директорлор Кеңешинин, акционерлеринин жана башка тараптар менен өз ара мамилер системасын камтыйт. 

2017-жылы Банктын акционерлеринин жалпы жыйынында "Айыл Банк" ААКсында корпоративдик башкаруу кодекси кабыл алынган. Ал эми 2024-жылы Кодекс дүйнөлүк тажрыйбаларга жана Кыргыз Республикасынын корпоративдик башкаруу кодексине ылайык актуалдаштырылган. 

Корпоративдик башкаруу принциптери

  • акцонердик капиталдын наркын узак мөөнөтүү келечекке туруктуу жогорулатуу принциби.

  • туруктуу өнүктүрүү дегенден улам, чечим кабыл алууда финансылык сыяктуу эле, экологиялык, социалдык жана тескөөгө алуу аспекттерди эске алуу зарылчылыгын түшүнүү керек.

  • G20/ОЭСР (2015) корпоративдик башкаруу принциптери.

  • Мамлекеттин катышуусу бар болгон ишканалар үчүн корпоративдик башкаруу боюнча ОЭСР жетекчилик принциптери.

Банктын башкаруу органдары

Өз ишин алып барууда Банктын башкаруу органдары Банктын акционеринин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын так сактоону жетекчиликке алышат жана Банктын активдеринин наркын жогорулатуу, финансылык туруктуулукту жана пайда алуу багытын арттыруу жагында иш алып барышат.

Банктын Уставына ылайык, Банкты башкаруунун жогорку органы болуп Акционерлердин жалпы жыйыны саналат.

Акционерлердин жалпы жыйынынын ишин жөнгө салган жана ыйгарым укуктарын аныктаган негизги документ катары Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары жана Банктын Уставы каралган.

Уставга ылайык Банктын Директорлор Кеңеши бардык акционерлердин атынан чыгат, Банкты стратегиялык башкарууну ишке ашырат, Банкта тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук системаларын уюштурууга карата негизги принциптер менен ыкмаларды аныктайт, Банк Башкармасынын ишине контролдукту жүзөгө ашырат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары тарабынан белгиленген башка маанилүү функцияларды аткарат.

Директорлор Кеңешинин ишин жөнгө салган жана ыйгарым укуктарын аныктаган негизги документтерден болуп, Кыргыз Республикасынын “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары жана Банктын Уставы, “Директорлор Кеңеши тууралуу” жобо саналат.

Негиздүү жана натыйжалуу чечимдердин кабыл алынуусун камсыз кылуу максатында Банктын Директорлор Кеңеши комитеттерди түзөт жана бүгүнкү күнү Директорлор Кеңешине караштуу төмөнкү комитеттер  иш алып барууда:

 

  • Аудит боюнча комитет
  • Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитет 
  • Дайындоолор жана сый акыларды белгилөө комитети

 

Банк Башкармасы Банктын аткаруу оганы болуп саналат.

Аткаруу органынын ишин жөнгө салган жана ыйгарым укуктарын аныктаган негизги документтердин катарына Кыргыз Республикасынын “Банктар жана иши жөнүндө” “Акционердик коомдор жөнүндө” мыйзамдары, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары жана Банктын Уставы, “Банк Башкармасы жөнүндө” жобо кирет.

Корпоративдик башкаруу принциптеринин сакталышы үчүн Директорлор Кеңеши жана Банк Башкармасы жооптуу болуп саналат.

Корпоративдик катчы

Банкта корпоративдик катчынын кызмат орду каралган жана ал төмөнкү факторлорго шартталган: 

- акционерлердин укуктарын камсыз кылууга жана таламдарын коргоого жагында мыйзамда жана Банктын ички ченемдик документтеринде белгиленген эрежелерди жана жол-жоболорду сактоо боюнча милдеттердин көлөмүн көбөйтүү;

- колдонуудагы мыйзамдарды жана Банктын ички документтерин аткарбагандыгы жана бузууга жол бергендиги үчүн жоопкерчилигин жогорулатуу;

- Директорлор кеңешинин ишин камсыз кылуу боюнча тапшырмалардын көлөмүн арттыруу.

Корпоративдик катчы түздөн-түз Директорлор кеңешине баш ийүү менен Банктын аткаруу органынан жетиштүү негизде көз карандысыз болот, ошонун өзү аткарган милдеттерди Банкта башка функцияларды аткаруу менен айкалыштырууга жол бербейт. Корпоративдик катчы Банктын кызмат адамы болуп саналат жана өзүнүн милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон тажрыйбага, билимге жана квалификацияга, кынтыксыз абройго жана акционерлердин ишеним артуусуна ээ болот.

Корпоративдик катчы ошондой эле Кеңештин корпоративдик башкаруу маселелери боюнча кеңешчисинин милдетин да аткарат: Директорлор кеңешинин төрагасына, мүчөлөрүнө жана комитеттерине, ошондой эле бүтүндөй Кеңешке өз функцияларын аткарууда кеңештерин,  тиешелүү жардамдарды берет.

Ички контролдук жана тобокелдикти тескөө органдары

Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарына ылайык Банкта ички контролдук  жана тобокелдиктерди тескөө системасы иштеп келет. Ал өзүндө ички контролдук жана тобокелдиктерди тескөө органдарынын жана багыттарынын чогуу алгандагы жыйындысы болуп саналуу менен төмөнкүлөргө жетишүүнү камтыйт:

  • Банктын ишинин натыйжалуулугуна жана жыйынтык берүү жигерине жетишүү, активдердин сакталууда туруусун камсыз кылуу, тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө алууну;
  • Финансылык жана башка отчеттуулукту түзүүнүн ачык айкындуулугун, толуктугун, объективдүүлүгүн, аны кызыкдар болгон тараптарга өз учурунда берүүнү камсыз кылууну;
  • Банктын ишинин Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана Банктын ички документтерине шайкеш келүүсүн.

Ички контролдук органына төмөнкү түзүмдүк бөлүмдөр кирет:

  • Банктын Уставына, “Комплаенс-контроль башкармалыгы тууралуу” жобого ылайык иш алып барган Комплаенс-контроль башкармалыгы. 
  • Банктын Уставыны, “Ички аудит башкармалыгы тууралуу” жобого ылайык иш алып барган Ички аудит башкармалыгы.
  • “Ревизия бөлүм тууралуу” жобого ылайык иш алып барган Ревизия бөлүмү.
  • Банктын Уставына ылайык ички контролдук системасынын алкагында функцияларды аткарган Банктын башка органдары, бөлүмдөрү жана кызматкерлери (анын ичинде Банктын башкы бухгалтери, террористтик иш аракеттерди каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча иш алып барган түзүмдүк бөлүмдөр).

 

Тобокелдиктерди тескөө

Тобокелдиктерди натыйжалуу тескөөгө алуу Банктын туруктуу өнүгүүсүн, анын стратегиялык тапшырмаларын аткарууну шарттаган негизги факторлордун бири болуп саналат. Андыктан, Банкта  тобокелдиктерди тескөө ишин жүзөгө ашырган Тобокелдик менеджмент башкармалыгы иш алып барат.

Тобокелдик менеджмент башкармалыгынин ишин жөнгө салган негизги документ болуп, Банктын Директорлор Кеңеши тарабынан бекитилген Тобокелдиктерди тескөө саясаты саналат.

 

Ишеним телефону жана Кызматкерлер үчүн ишеним телефону

Корпоративдик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана кызыкдар тараптарга Банктын кызматкерлери тарабынан жасалган коррупциялык укук бузуулар жөнүндө маалыматты Банкка тоскоолдуксуз жөнөтүү мүмкүнчүлүгүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуулар жана кызматтан кыянаттык менен пайдалангандыгы фактылары боюнча Банктын кызматкерлери тарабынан Банктын башкаруу органдарына жана жетекчилерине ишенимдүү маалыматты жеткирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу максатында “Ишеним телефону” жана «Кызматкерлер үчүн ишеним телефон» кызматтары иш алып барат. 

Банк, орун алышы мүмкүн болгон коррупциялык учурлар тууралуу өнөктөштөрдүн, конрагенттердин жана башка жактардын (жеке адамдар жана юридикалык жактар) кайрылууларын, андай кайрылуучу менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылган “Ишеним телефону” интерактивдүү каналын колдонуу менен кабыл алат.

Банк мүмкүн болуучу коррупциялык фактылар тууралуу кызматкерлеринен  кайрылууларды кайрылуучу менен өз ара аракеттенишүүнү камсыз кылган “Кызматкерлердин кайрылуулары үчүн ишеним телефону” интерактивдүү каналын колдонуу менен ишке ашырат.

Коррупциялык мүнөздү камтыган бардык кайрылуулар Коопсуздук башкармалыгына жана  Комплаенс-контроль башкармалыгына келип түшөт, андан ары Банк Башкармасына жана Директорлор Кеңешине маалыматтар берилет.

Банк, маалыматта белгиленген кызматкердин ким экендиги жана маалыматтын ачыкка чыгып кетпешине кепилдик (гарантия) берет.

Банктын жооптуу бөлүмдөрү келип түшкөн маалыматтарды туруктуу негизде талдап-иликтөөнү ишке ашырышат жана зарылчылык келип чыкса текшерүү иш-чараларын жүргүзүшөт.