Социалдык жоопкерчиликтүүлүк

Социалдык жоопкерчиликтүүлүк

Банк, кардарлардын – калайык-калктын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу программасын бир катар жылдардан бери ийгиликтүү жүзөгө ашырып, инклюзивдик иш чөйрөсүн түзүү аркылуу билим берүү жана кайрымдуулук долбоорлорун колдоого алуу менен коомду ар тараптан өнүктүрүү ишине жигердүү катышып келет. Банк кызматкерлеринин арасында ыктыярдуу чөйрөнү колдоого алып, ишкердик чечимдерди кабыл алууда эң оболу, социалдык факторлорду эске алуу менен коомдун туруктуу өнүгүшүнө алгылыктуу салым кошууга аракет көрүүдө.

Иш багыты

Кадр саясаты жана персоналды жакшы иштөөгө шыктандыруу

Адам баласы/эмгек жамааты/ар бир кызматкер  - Банктын башкы активи.  Банкта иштен кетүү жагдайы банк сегменти боюнча эң эле минималдуу рыноктук мааниде сакталып калууда. Албетте бул Банк ишинин туруктуулугу жана ишенимдүүлүгү, кадр тандоодо алардын ишке ишенимдүү аралашып кетиши жана окутуу программасынын колдонулуп жатышы,  эң башкысы, социалдык жеңилдиктер жана гарантиялар программасынын колдонулушу, ошондой эле корпоративдик иш алып баруу маданиятынын калыптанышы менен шартталган. Мына ушундай артыкчылыктардын негизинде Банк кызматкерлери эң эле баалуу стратегиялык актив катары каралат. 

 

Персоналдын түзүмү  

  • Аял заты - 53%, эр адамдар  - 47%.
  • Кызматкерлердин жаш курагы 18 жаштан 70 жашка чейин.
  • 35 жашка чейинки кызматкерлер - 58%, 35 жаштан 55 жашка чейинкилер  - 38%,
  • 55 жаштан өткөндөр  - 4%.

Банктын социалдык программалары

Банкта социалдык-эмгек мамилелери Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарынын  жана ички ченемдик документтеринин нормаларына, кызматкер менен жумуш берүүчү ортосунда өз ара алгылыктуу негизде жөнгө салынган өнөктөштүк мамилелер принцибине ылайык жүзөгө ашырылат. Банктын социалдык саясаты кызматкерлерди социалдык жактан камсыз кылууга, алар үчүн коопсуз эмгек шарттарын түзүүгө багытталган.

Банкта кызматкерлер үчүн жеңилдиктерди караштыруу жана колдоого алуу программалары эмгек өргүүсүнө чыгууда, татаал турмуштук жагдайга туш болгондо (жакын тууганынын өлүмгө учурашы, майып балдарды багуу, балдарын жалгыз бой багып жатканда)  аларга материалдык колдоо көрсөтүү, пенсияга чыгып, иштен бошоп кетип жатканда, кесепет алып келген жагдайларга туш болгондорго жана башка учурларда бир жолку жөлөк пул берүү шарттарын камтыйт.

Эмгекке төлөө жана персоналды жакшы иштөөгө шыктандыруу

Банк кызматкерлеринин эмгегине төлөө жана жакшы иштөөгө шыктандыруу системасы материалдык жана материалдык эмес өбөлгөлөрдү айкалышта төмөнкүлөргө багытталган:

  • Иш квалификациясын, эмгектин сапатын жана ага кеткен чыгымдарды, кабыл алынган тобокелдиктерди  камтуу менен жетишилген натыйжаларды, ошондой эле айрым бөлүмдөрдүн жана бүтүндөй Банктын иш жыйынтыктарын эске алуу менен кызматкерлерге төлөп берүүлөрдүн бирдиктүү тартибин белгилөө аркылуу Банктын финансылык туруктуулугун камсыз кылуу;

  • Банк тарабынан ишке ашырылган операциялардын мүнөзүнө жана масштабына, деңгээлине жана  келип чыккан тобокелдиктердин жагдайга шайкеш келишине ылайык келген  иш тажрыйбасы жана квалификациясы болгон кызматкерлерди ишке тартуу жана аларды иш ордунда бекитип калуу;

  • Акционерлер жана жетекичлик тарабынан тапшырмаларды аткаруу жагына кызматкерлерди шыктандырууга.

Шыктандыруу системасын иштеп чыгуу учурунда Банк эл аралык алдынкы тажрыйбаны (анын ичинде Банктык көзөмөл боюнча Базель комитетинин сунуштарын), ошондой эле Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик-укуктук актыларынын  талаптарын эске алган.

Эмгек акынын, шыктандыруу жана компенсациялык төлөмдөрдүн өлчөмдөрү жана аларды төлөп берүү тартиби Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдары, Кыргыз Республикасы Эмгек кодекси, ошондой эле төмөнкү  негизги документтер тарабынан жөнгө салынат:

  • "Айыл Банк" ААКсынын Уставы;
  • Банк Башкармасы коллегиалдуу органдарынын чечимдери;
  • "Айыл Банк" ААКсында эмгекке төлөө тууралуу” Жобо;
  • Банк Башкармасынын мүчөлөрүнүн, жооптуу кызматкерлдердин жана "Айыл Банк" ААКсынын Директорлор Кеңеши тарабынан  дайындалуучу кызматкерлердин эмгегине төлөө жөнүндө” Жобо;

Банктын кызматкерлери менен эмгек келишимдери.

Банк, эмгекке төлөө жана негизги персоналды, тобокелдикке кабылган кызматкерлерди, ошондой эле ички контролдукту жана тобокелдиктерди тескөөнү ишке ашырган кызматкерлерди шыктандырууну камтыгандарды кошо алганда, өзүнүн локалдык ченемдик актыларына үзгүлтүксүз негизде экспертизаларды жүргүзүп турат. Иштелип чыгып жаткан сунуштар эмгекке төлөө системасынын бекитилген стратегиясына, ишке ашырылган операциялардын мүнөзүнө жана масштабына жана  келип чыккан тобокелдиктердин жагдайга шайкеш келүүсүн камсыз кылууга багытталган.

 

Банктын кызматкерлеринин эмгегине төлөө структурасы квалификациясына, аткарып жаткан ишинин татаалдыгына, масштабына жана кабыл алынып жаткан чечимдин мүнөзүнө жараша катталган жана  бүтүндөй Банктын, ошондой эле өзүнчө бөлүмдөрдүн жана  кызматкерлердин ишинде белгиленген натыйжалуулуктун маанилүү көрсөткүчтөрүнө (КПЭ) жараша катталбаган бөлүктөн турат. Банкта иштелип чыккан КПЭ Банктын акционерлеринин кызыкчылыктарын эске алат, ошондой эле Банк ишинин, анын масштабдуулугунун, деңгээлинин жана кабыл алынган тобокелдиктерди камтуу менен жетишилген натыйжалардын өз ара артыкчылыктуу жана теңдештирилген максаттарын чагылдырат.

 

Адатта, Банкта материалдык эмес шыктандыруу учурунда – кызматкерлердин ишине коомчулуктун баа берүүсүнө олуттуу көңүл бурулат. Жыл сайын банк кызматкерлери ардак наамдар, төш белгилерге арзып, ардак грамоталар жана Банк Башкармасынын төрагасынын атынан ыраазычылык каттар  менен сыйланып турат. Ал эми мыкты кызматкерлер тууралуу маалымат  Банктын расмий сайтында жайгаштырылат.

 

Кызматкерлерди окутуу жана жегирин артыруу

Банкта ар тараптуу окутуу програмалары дагы ишке ашырылат. Бир катар жылдардан бери персоналды тандоодо Банк өзүндө топтолгон олуттуу тажрыйбага таянуу менен иш алып барып келет. 

Банкта кызматкерлердин жигерин арттыруу ишине да олуттуу көңүл бурулуп, окутуу программалары заманбап көндүмдөрдү өркүндөтүүгө, жетекчилердин лидердик потенциалын жогорулатууга, кызматкерлердин иш алып баруу нугун жогорулатууга, ошондой эле Банктын фронт-офисинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылган сатуу жана тейлөө иш багытын арттырууга багытталган. 

Банктын кызматкерлеринин 90 пайызы 2023-2024-жылдар аралыгында ар кыл окутуу программаларынан өтүшкөн. 

Мындан тышкары, Банкта кызматкерлерди окутуу тууралуу Жобо, ошондой эле "Айыл Банк" ААКсында насаатчылык,  тажрыйба топтоо жана такшалуудан өтүү жөнүндө” Жобо кабыл алынган жана учурда иште жигердүү колдонулууда. 

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) жана террористтик ишти каржылоого  каршы аракеттенүү иш багытында да олуттуу аракеттер көрүлүп келет. Албетте, бул тармакта да окутуу ишин туруктуу ишке ашырып туруу Банктын артыкчылыктуу иш багытынын бири болуп саналат. 

Банктын кызматкерлеринин иш алып баруу сапаты – бүтүндөй Банктын ишинин ийгилиги. 

Карьералык сапарда алдыга өсүүнүн ачык-айкындуулу менен жеткиликтүүлүгү – кызматкерлердин ишке болгон кызыгын арттыруунун жана шыктандыруунун маанилүү факторлорунун бири. 

 

ESG-трансформациялануу алкагында окутуу программалары 

Аталган иш багыты Банктын кызматкерлеринин ири санын күн тартибинде турган маанилүү ишти аткарууга жана аталган багыт боюнча билимин арттырууга сыяктуу эле, мыкты өздөштүргөн кызматкерлерге ESG боюнча сертификат алган лидерлерге айлануусуна шарттарды түзөт.

Кызматкерлерди маалыматтык коопсуздук багытынды окутуу:

Банкта аталган багыт боюнча да окутуулар ишке ашырылып, жеке маалыматтарды иштеп чыгуу жана коргоо, келип чыккан абалдарга ыкчам мамиле кылуу жагын кошо алганда, персонал менен маалыматтык коопсуздукту сактоосу боюнча иштер тынымсыз аткарылып келет. Мына ушул багыт боюнча окутуу банк кызматкерлерин ченемдик документтер менен тааныштырууну жана алар үчүн каралган, иштелип чыккан курстарды камтыйт. Ал эми күчөтүлгөн билим берүү программасы  Банктын кардарлары менен өнөктөштөрүнүн купуя маалыматтарын камсыз кылууну кошо алганда, маалыматтык коопсуздук маселелери менен тикелей иш алып барган кызматкерлер үчүн иштелип чыккан.

Корпоративдик иш-чаралар 

Эмгек жамааттагы моралдык жана психиологиялык абалды күчтөөгө, баалуулктарды  түптөөгө жана жамааттык шериктештикти арттырууга багытталган  корпоративдик иш чаралар катарына тимбилдингдерди, спорттук-көңүл ачуу, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү, калктын аярлуу катмарларын колдоого алуу, кайрымдуулук жана  экологиялык багыттардагы, балдарга камкордук көрүү жана коргоого алуу сыяктуу иш чалар кирип, алар туруктуу негизде жүзөгө ашырылып келет.

Эмгекти коргоо 

Иштин коопсуз жана жагымдуу аткарылышы үчүн Банкта эмгекти жана ден соолуктуу коргоого алуу жагында ички стандарттар иштелип чыккан. 

Банктын ар бир кызматкери жумушка кабыл алынган учурда эмгекти коргоо боюнча түшүндүрмө берүүдөн (кириш жана жумуш ордунда) өтүп, андан өткөндүгүн тиешелүү журналга кол тамгасын коюу менен тастыктайт. Банктын кызматкери эмгекти коргоо, ички эмгек тартибинин эрежелерин жана тиешелүү талаптарды так сактоого милдеттүү.

Өзгөчө кырдаалдар учурунда кызматкерлердин иш-аракеттерин камтыган тартип да иштелип чыккан. Ал тууралуу кенен маалымат Банктын ИПСинде жайгаштырылган.

Банктын персоналынын коопсуздугун уюштуруу жөнүндө Жобо  

Банк эмгекти коргоо, иш алып баруунун коопсуз шарттарын камсыз кылуу, кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда кызматкерлердин ден соолугу менен өмүрүн сактоо, коргоону артыкчылыктуу иш багыты катары белгилеген.

Банк эмгекти коргоо жагындагы мамлекеттик ченемдик талаптардын сакталышына, эмгекти коргоо багытындагы бардык максаттары менен милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон финансылык жана материалдык-техникалык каражаттардын бөлүнүшүнө кепилдик берет.

Эмгекти коргоо багытындагы максаттар 

Кызматкерлердин өмүрүн жана ден соолугун коргоо, иш ордунда эмгекти коргоо боюнча мамлекеттик ченемдерге шайкеш келген коопсуз шарттарды түзүү.

Өндүрүштө травма алып калуу коркунучун ырааттуу жана тынымсыз төмөндөтүү, кызматкерлердин ден соолугунун начарлашынын алдын алуу.

Эмгекти коргоону тескөөгө алуу системасын тынымсыз өркүндөтүү жана жогорулатуу.

Эмгекти коргоо талаптарынын сакталышына контролдукту жүргүзүү.

Банк кызматкерлеринин эмгекти коргоо тармагындагы компетенттүүлүгү менен билимин жогорулатуу.

Билим берүү 

Билим берүү демилгелерине, кесипкөйлүктү арттырууга, талантууларга колдоо көрсөтүү - Айыл Банктын алдына койгон максаттарынын бири.

Банк Global Money Week алкагында иш чараларды туруктуу өткөрүү менен финансылык сабаттуулукту жогорулатуу жагында ар кыл программаларды ишке ашырып келет, бул иште өзгөчө  өлкөнүн аймактарына олуттуу басым жасалат.

Кайрымдуулук жана демөөрчүлүк

Банк кайрымдуулук жана демөөрчүлүк ишине өзгөчө көңүл буруу менен жыл сайын ар кыл социалдык долбоорлорду ишке ашырууга олутуу каражат бөлүп турат. Бөлүнүп берилген каражаттардын негизги бөлүгү социалдык мекемелергеди колдоого, кары-картаңдар күнүнө карата жардам берүүгө жана ден соолугу чектелген адамдар менен иш алып баргандарга колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

 

Мындан тышкары, агрардык көргөзмөлөрдү, эл аралык конференцияларды техникалык жабдуулар менен камсыз кылууларды жана университеттик фестивалдарды уюштурууга көмөктөшүү менен демөөрчүлүк жардам берүүнү дагы жигердүү ишке ашырып келет.

 

Артыкчылыктуу багыттарга алгылыктуу көмөк көрсөтүүгө умтулуу менен Банк коомдун социалдык турмушуна жигердүү катышууда. Көп учурда, пландаштырылган иштерди жана демилгелерди жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө аталган беренелер боюнча иш жүзүндөгү чыгашалар баштапкы белгиленген бюджеттен да ашып кетиши ыктымал, ал дагы келип чыккан муктаждыктарга өз учурунда ыкчам мамиле кылып, өз учурунда жардам көрсөтүүгө Банк дайыма даяр экендигин далилдеп турат.