“Айыл Банк” ААК Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүгө лицензияны алды.

30.11.2017

Ошентип, колдонуудагы лицензияны кеңейтүү, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерин тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүүгө Банкка мүмкүндүк берет.

Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептери (ЖБКМЭ) - бул, баалуу металлдарды эсепке алуу жана алар менен  операцияларды жүргүзүү максатында банк тарабынан кардарларга ачылган эсептер. Мындай эсептер алтында гана эмес, күмүштө жана платинада дагы ачылышы мүмкүн. Жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсептерди ачуу жана ЖБКМЭге эсепке салып жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлдарды сатып алуу – бул, акчаны жыйноо жана көбөйтүү үчүн эң жөнөкөй жана ыңгайлуу ыкмалардын бири.

ЖБКМЭни алтын, күмүш же платинада ачуу жана жүргүзүү үчүн кардар банк менен келишимди түзүп, акча каражаттарды эсепке салып жана андан ары сатып алуу бүтүмүн тариздеши керек. Ошондон кийин баалуу металлдар кардардын ЖБКМЭсине чегерилет.  Ал эми кардар каалаган убакытта баалуу металлды сата алат.  Сатуу сатып алуудай эле учурдагы баага жараша жүргүзүлөт.

Ошондой эле “Айыл Банк” ААКтын кардарларына Элкарт улуттук төлөм тутумунун төлөм картасы сунушталат, ага жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металл эсеби байланыштырылат. Бул карта, жеке белгилери көрсөтүлбөгөн металлды улуттук валютага конвертациялоо жолу менен алтын, күмүш же платинадагы аманаттарды накталай алууга, ошондой эле Элкарт төлөм тутумунун терминалдык тармагында сатып алууларды жүргүзүүгө жана кызматтарды төлөөгө мүмкүнчүлүк берет.

          Кыргызстандын рыногу үчүн баалуу металлдар, атап айтканда алтын, бул жаңы жана көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү бар болгон финансы куралы деп белгилеп кетсек болот. Ички рынокто баалуу металлдардын жүгүртүүсү абдан маанилүү, себеби Кыргызстан алтынды казып өндүргөн өлкө   болгондуктан, алтын менен банк операцияларды уюштуруу жана өнүктүрүү улуттук маселе болуп саналат.

Калк жана чарба субъектилери тарабынан алтынга инвестиция жасоо Кыргызстандын экономикасынын долларизациясын төмөндөтүшү  жана жарандардын, уюмдардын активдерин жарым-жартылай диверсификациялашы мүмкүн болгону жөнүндө белгилеп кетүү зарыл. Дүйнөлүк алтын базарынын ыңгайлуу баа коньюктурасынын көрсөткүчтөрүн, экономиканын жана жарандардын жашоо шарттарынын өсүшүн эске алып, алтын жана башка баалуу металлдар жарандардын эркин каражаттарын инвестициялоо үчүн альтернативдүү куралдарынын бири болушу мүмкүн жана экономиканын өткөөл  мезгилинде колдонулган долларды чыгарышы мүмкүн. Бул кадам, өлкөнүн аймагында АКШнын долларынын жүгүртүүсүн төмөндөтүшү, калктын аманаттарын ар кандай туруксуздук жана кризистик көрүнүштөрдөн коргошу,  акча системасын доллардан көз карандылыгын төмөндөтүшү мүмкүн, ошондой эле улуттук экономикасынын мындан аркы бекемдөөсүнө, өнүгүүсүнө чоң таасир тийгизиши мүмкүн

“Айыл Банк” ААК, банк продуктыларынын жана кызматтарынын керектөөчүлөрүнүн суроо-талаптарына ылайык, ошондой эле дүйнөлүк жана ички финансылык рынокко жараша ишин жүргүзөт.  Ошого байланыштуу, баалуу металлдар, Кыргыз Республикасынын банк ишин жана экономикасын өнүктүрүүнүн перспективдүү багыты катары  эсептелет. Кардарлардын ушундай операцияларга суроо-талаптары өсүүдө, жана финансы базарынын көбүнчө катышуучулары баалуу металлдарды, атап айтканда алтынды, өзүнүн инвестициялык портфелинде негизги актив катары карашат.

Мындан тышкары, ушул баалуу металлга баанын жакшы динамикасы, алтындын баалуулугунда негизделген  ар кайсы финансы куралдардын кирешелүүлүгүнө таасир тийгизди, жана ошону менен инвесторлорду кызыктырып жана көптөгөн чет өлкөлүк банктардын бизнесинде ушул куралдын үлүшүн көбөйттү.

← Тизме боюнча артка