“Айыл Банк” ААКтын кредит портфели 15 млрд. сомго жетти

30.03.2018

Тагыраак  айтканда, 29-март күнү кредит портфели 15 020 882 790  сомду же болбосо 61 134 кредитти түздү.  Бул дагы бир жолу Банк туура жолдо болгондугун күбөлөндүрөт.

Өлкөнүн Президенти Сооронбай Жээнбеков   быйылкы жылды “Региондорду өнүктүрүү жылы” деп жарыялады жана Айыл Банк өзүнүн ишинде, так айтканда, насыялоодо региондорго багыт алган. Бардык кредит портфелинин 74% региондордо, 26% Бишкекте.

Сандарга таянып, “Айыл Банк” ААКтын филиалдары фермердик чарбалардын, айыл чарба кооперативдердин жана жеке ишкерлердин ж.б. насыялоосуна чоң салым кошкону жөнүндө айтсак болот.

Мисалы, Каракол филиалынын кредит портфели 730 836 196 сом суммага  3590 кредитти түздү.  Андан азыраак Кара-Балта филиалы, анын кредит портфели 640 346 501 сом суммага 2 118 кредитти түздү.   Дагы 4 филиалдын кредит портфели жарым миллиарддан ашты, алар: Аламедин, АБС (Айыл Банк - борбор), Ош жана Нарын филиалдары.   Ал эми 9 филиал ушул санга жакындап калды. Бүгүнкү күнгө Айыл Банктын өлкө боюнча 187 түйүнү бар, алардын ичинен 170 региондордо жайгашкан.

Кыскача айтканда, Айыл Банк акыркы жылдары өлкөнүн айыл калкынын көпчүлүгү үчүн кредиттерге жетүүдө олуттуу ийгиликтерге жетишти. Бирок Банк ошону менен токтоп калбайт, азыркы учурда дагы Айыл Банк өлкөнүн айыл чарба секторунун төмөнкү алгачкы багыттарын өндүрүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган иш чараларды активдүү ишке ашырып жатат:

  • асыл тукум малды багуу;
  • интенсивдүү бак өстүрүү;
  • кошумчаланган нарк чынжырын өнүктүрүү;
  • мал союу цехтеринин тармагын түзүү;
  • агро кайра иштетүү өнөр жайды колдоо;

1. Интенсивдүү бак өстүрүү боюнча, ушул тармактын өзгөчөлүктөрү жөнүндө Банктын кызматкерлерин жана фермерлерди кыскача тааныштыруу боюнча Банк тарабынан иштер жүргүзүлүүдө. Бул иш чаралар интенсивдүү бак өстүрүүнү өндүрүү жана жүргүзүү боюнча кызматтарды көрсөткөн компаниялар менен биргелешип өткөрүлүп жатат. Интенсивдүү бак өстүрүүдө негизги учурлар боюнча Банк бир катар семинарларды жана тренингдерди өткөрдү, алар төмөнкү темалар боюнча болду: участокту тандоо, жердин анализи, климат шарттары, суунун анализи, чыгымдардын болжолдуу сметалары жана акталышынын мөөнөттөрү. Мындан тышкары, Сербия, Польша жана Европанын башка өлкөлөрүнөн көчөттөр менен жабдып туруучуларды издөө боюнча иш чаралар көрүлүүдө. Ошону менен бирге, ошол көчөттөр өскөн өлкөлөрдүн климаты биздин климатыбызга жакын болушу сөзсүз түрдө  эске алынып жатат.

2.  Кошумчаланган нарк чынжырын өндүрүү жана өнүктүрүү өлкөнүн агрардык экономикасынын өсүшүнүн негизги курамы болгондуктан, Банк ушундай чынжырларды түзүүгө жана аларды финансы жагынан колдоого активдүү катышат.  Ошентип, агрардык өндүрүштүк - сатуу чынжырларын финансылоо боюнча Герман Өнүктүрүү Банктын долбоорунун алкагында, Банк “Каинды-Кант” агро кайра иштетүү заводу менен келишимдери бар болгон фермерлердин, кант кызылчасын өндүрүүчүлөрүнүн активдүү каржылоосун жүргүзүп жатат.  Мындан тышкары, ушул программанын алкагында, Банк тарабынан “Айлана” кайра иштетүүчү заводго өткөрүү үчүн томаттарды өстүргөн фермерлерди, өндүрүүчүлөрдү финансылоо боюнча дагы бир чынжыры түзүлгөн.  Ошондой эле жергиликтүү сүт иштетүүчү заводдорго жеткирүүгө  келишимдери бар болгон өндүрүүчүлөрдү финансылоо боюнча чынжырдын туруктуу чынжырчаларын түзүү боюнча иш жүргүзүлүүдө.

3. Мал союу цехтерин өнүктүрүү боюнча, Банк тиешелүү жабдуулар менен жабдып туруучу компаниялар менен бирге, бардык санитардык ченемдерге, температуралык тартипке жана тамак-аш коопсуздугуна жооп берген мал союу цехтерди өндүрүү боюнча активдүү иш чараларды көрүп жатат.  Адамдын өмүрүн жана ден соолугун, айлана чөйрөнү, жаныбарлардын өмүрүн жана ден соолугун коргоо максатында иштелип чыккан “Эт продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” бажы союзунун техникалык регламентине туура келген мал союу цехтердин технологияларын өндүрүү зарылчылыгы жөнүндө семинарлар жана окутуулар өткөрүлүп жатат. Мунун баары жыйынтыгында Кыргыз Республикасында өндүрүлгөн эт продукциясынын экспорт жөндөмдүүлүгүнө жакшы таасир тийгизет.  Ошондой эле 2018-жылдын апрелдин аягында Өзгөн, Ала-Бука жана Сузак райондорунда мал союу цехтеринин ачылышы пландаштырылып жатканы жөнүндө белгилеп кетүү зарыл.

← Тизме боюнча артка