Электр зымдарын (кабель) чыгара турган ишкананын ачылышына өкмөт башчы Акылбек Жапаров катышты. Ал кабелдик продукциянын импортуна болгон көз карандылыкты азайтууда долбоордун мааниси чоң экенин белгиледи. Ошондой эле соңку жылдары кабелге болгон суроо-талап өсүп жатканын айтып, заводдун продукциясы импорттук аналогдорго салыштырмалуу арзан экенин кошумчалады.
АКК «Айыл Банк» Башкармалыгынын Төрагасыны Тилек Буромбаевич Алимджановдун куттуктоосу
Бүгүн биздин банк 28 жылдыгын белгилеп жатат. Ушунча жыл бою биз мыкты каржылык чечимдер менен кызматтарды сунуштоо аркылуу сиздерди колдоого умтулуп келебиз. Сиздердин лоялдуулук менен ишенимиңиздер бизди мындан аркы өнүгүүбүз менен ишибизди жакшыртууга шыктандырып келет.
Урматтуу кесиптештер, кымбаттуу кардарлар! Бүгүн биз банкыбыздын 28 жылдыгын белгилеп жатабыз. Бул жылдар тынымсыз өнүгүүнүн, ийгиликтин жана шыктануунун жылдары болду. Бул маанилүү күндө ар бириңиздерге жалпы ишибизге кошкон жеке салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Бүгүнкү күндө банктын негизги ресурстары кызматкерлерибиз болуп саналат, алардын башкы милдети – кардарларды сапаттуу тейлөө.
Телефон чалуу аркылуу жарандардын ишенимине кирип ар кандай ыкмаларды колдонуп, шылуундар сиздин эсебиңизден акчаңызды уурдап же андан ары сизге онлайн кредит тариздетип алууну көздөп жатышат.
Сиздерге "Башка банкка жана агентке которуу" бөлүмү аркылуу башка банктарга которуулардагы комиссиянын азайгандыгы тууралуу кубанычтуу кабарды билдиребиз. Азыркы тарифтер 2024-жылдын 8-июлунан 2024-жылдын 31-декабрына чейин күчүндө болот:
Сиздерге 2024-жылдын 5-июлунан тартып, "Айыл Банк" ААКтын терминалдары аркылуу "МБанкка" жүргүзүлгөн акча которууларда 1% комиссия алынарын маалымдайбыз.
Айыл Банк» ААК санариптик трансформация программасынын алкагында тапшырмаларды автоматташтыруу үчүн роботторду ишке киргизип жатат
"Айыл Банк" ААК бардык мусулмандарды жаркын Курман Айт майрамы менен куттуктайт! ⠀
Сиздерге кулак кагыш, 2024-жылдын 11-июнунда, Чүй облусунун Александровка айылындагы Фрунзе көчөсү 112 дарегинде жайгашкан Александровка СБКсы көчүрүү иштерине байланыштуу саат 9:00дөн 12:00гө чейин кардарларды тейлейт.