Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермер) чарбалары үчүн документтердин тизмеси

Юридикалык жакты түзбөстөн дыйкан (фермер) чарбаларына банк эсебин ачуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

жүктөө

кардар анкетасы;

жүктөө

бенефициардык ээсинин (пайда алуучунун) анкетасы;

жүктөө

кол тамга үлгүсүндөгү картада көрсөтүлгөн адамдар тарабынан кол коюлган эсеп ачууга арыз (түп нускасы);

жүктөө

дыйкан (фермердик) чарбанын башчысынын инсандыгын ырастоочу документ (паспорт, ID-карта) (көчүрмөсүн жана түп нускасын текшерүү үчүн);

 

статистика органдары тарабынан берилген дыйкан (фермердик) чарбаны каттоо жөнүндө күбөлүк (салыштыруу үчүн көчүрмөсү жана түп нускасы);

 

дыйкан (фермердик) чарбанын биргелешкен мүлкүн түзүү жана бөлүштүрүү жөнүндө келишим (түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

 

дыйкан (фермердик) чарбанын мучелерунун тизмеси (туп нускасы);

 

чарбанын башчысынын чарбанын каражаттарын башкарууга ыйгарым укуктарын күбөлөндүргөн документ (фермердик чарбанын башчысын шайлоо жөнүндө протокол, чарбанын башчысын дайындоо жөнүндө чечим, анын ыйгарым укуктарынын көлөмүн аныктоо) ( түп нускасы же нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

 

Банктын кызматкери тарабынан күбөлөндүрүлгөн кол тамгалардын жана мөөрдүн үлгүлөрү бар карта (түп нускасы) - 2 нуска;

 

салыктык эсепке алуу фактысы жөнүндө салык органдарынан маалымкат (түп нускасы).

 

Учурдагы эсепти ачууга жана жүргүзүүгө КЕЛИШИМ.