Экология

Экология

EGS концепциясынын экологиялык аспекти негизги багыт болуп саналат. Ушундан улам Банк, учурда климаттын өзгөрүүгө дуушар болуп жатышы көйгөйүн чечүү зарыл экендигин айкын түшүнүп, ар тараптан ойлонуштурулган айыл-чарбасын, ресурстарды жана энергияны үнөмдүү пайдаланууну, айлана чөйрөгө зыян алып келбеген транспортту пропогандалоо, ошондой эле энергияны калыбына келтирүүчү булактарды пайдалануу аркылуу зыяндуу газдын тарашына бөгөт коюп, анын кесепеттерин кыскартуу жагында жигердүү иш алып барып келет.

Ушул максатта жөнгө салынган иш багыттары

Технология жана инновация

Технология экономиканын туруктуу өнүгүшө, ааламдагы жаратылыш ресурстарынын сакталышы үчүн олуттуу мааниге ээ. Калдыктарды кыскартууга, уулуу заттардын абага тарашын азайтууга, колдонулуп жаткан материалдарды кыйла экологиялык материалдарга алмаштыруу мына ушундай жоопкерчиликтүү иштеги алгачкы кадам.

 

Кредиттик конвейер 

Банк кредиттик конвейрди колдонууга киргизген. Кредиттик конвейрди  Банктын автоматташтыруу системасына, “Ишеним” КИБге интеграциялоону жөнгө салып, РС Банкка толук туташтырылган. Мындан тышкары, MasterAPS да «Ишеним» КИБге жана «Түндүк» системасына интеграцияланган.

Абаны булгаган заттарды азайтуу/кыскартуу

Банк өзүнүн операциялык иш багытын декарбонизациялоо иш чарасынын алкагында кызматтык иште колдонулган автоунаалар электроунааларга алмаштырылган. Учурда мына ушундай 10 унаа колдонулууда жана алардын санын көбөйтүү күтүлүүдө.

Таштанды ташталган жерлерге келтирилип жаткан оорчулукту басаңдатуу жана “айланма” экономиканы өнүктүрүү максатында, Банк алгачкылардын болуп таштандыларды өз-өзүнчө чогултуу системасын жөнгө салган. Банк кызматкерлерине бул багытта маалымат берилип, талап кылынган материалдар сатылып алынып, ушул системаны ийгиликтүү илгерилетүү үчүн жооптуу адамдар дайындалган.

Мындай иш тажрыйбасы экологияны баштапкы калыбында сактап, аларга келтирилип жаткан терс таасирди азайтууга өбөлгө түзүп, Банктын социалдык жана экологиялык жактан бул ишке жоопкерчиликтүү мамиле кылуу аброюун арттырууда.

Туруктуу кааржылоо

Банкта “Айым кредит”, “Жашыл технологияны каржылоо” сыяктуу кредиттик продукттар жана программалар колдонулуп келет. Бул программалар да таасирдүү социалдык жана экологиялык натыйжаларга жетишүүгө өбөлгө түзүүдө. Жыйынтыгында социалдык-экологиялык багытты көздөгөн 19 миңден ашуун кредит сунушталган. Ал эми “Жашыл технологияларды каржылоо” программасынын алкагында төмөнкүдөй 7 негизги категория боюнча кредиттер сунушталган:

 

- “Жашыл” транспорт;

- Калыбына келтирилүүчү  энергия;

- Энергияны үнөмдөө;

- “Жашыл” имарат;

- Абаны тазартуу;

- Сууну жана калдыктарды үнөмдүү/натыйжалуу пайдалануу;

- Туруктуу өнүгүүгө багыт алган айыл-чарбасы.

Ушул багытты андан ары илгерилетүүгө каралган максаттуу портфель жакынкы 5-7 жыл ичиндеги жалпы портфелдин 15% түзөт.