Жаңылыктар

26.03.2018
“Айыл Банк” ААК «Nooruz Cup - 2018» шахмат боюнча турнирге катышты

24-март күнү Нооруз майрамына карата “NOORUZ CUP – 2018” шахмат боюнча үчүнчү турнир өткөрүлдү.

22.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “2018-жылы талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” практикалык семинар-кеңешмеге катышышты

Бул иш чара Сокулук районунда Кызыл-Туу айыл аймагынын «Ростик», «Мечта» СК, «Насип Дан» СК үрөн чарбалардын базасында 2018-жылдын 19-март күнү өткөрүлдү.

02.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалы кызылча эгүүчүлөр үчүн өткөрүлгөн семинарга катышты

Үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Сокулук районунун акимдигинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги менен “Кошой” ААК, “Щелково-Агрохим” АК тарабынан уюштурулган, Сокулук районунун кызылча эгүүчүлөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү.

01.03.2018
Өлкөнүн түштүк жагында “Айыл Банк” ААКтын демилгеси менен фермерлер үчүн практикалык семинарлар өткөрүлдү

“Региондорду өнүктүрүү жылдын” алкагында пландаштырылган иш чараларды ишке ашыруу максатында, Айыл Банк Кыргызстандын бардык аймактарында айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен семинарлардын өткөрүлүшүн демилгеледи.

08.02.2018
“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Асакабанк менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана Өзбекстандын Узагротехмаш Трейд менен айыл чарба техникасы менен камсыздоо боюнча контракттарга кол койду

Кыргыз Республикасына өзбек делегациясынын визитинин алкагында, кыргыз-өзбек бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусу менен, кеңири форматтагы кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул документтерге кол коюлду.

07.02.2018
Кара-Балта шаарында 048-23-76 Сактык кассасы иштей баштады

2018-жылдын 6-февралынан баштап Кара-Балта шаарынын ылдыйкы аймагында, мурдагы Кара-Балта филиалынын имаратынан 10 метр алыстыгында, Кожомбердиев көчөсү 123 – дареги боюнча 048-23-76 СБК (Сактык касса) иштей баштады.

07.02.2018
Ийгилике бирге: Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмиль Өмүрбеков “Айыл Банк” ААКтын аркасы менен өзүнүн техникасын жаңыртып алды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмиль Өмүрбековдун беш трактору бар, аларды Айыл Банктан лизингге сатып алды. Тракторлор азыркы замандын талаптарына жооп берет, кышында кабинанын ичи жылуу, жайында кондиционер иштеп турат.

05.02.2018
“Айыл Банк” ААКтын Кара-Балта филиалы жаңы имаратка көчтү

Кара-Балта филиалы Кара-Балта шаарынын жогорку жагына көчүп, төмөнкү жаңы дарек боюнча иштей баштады: Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 59, 61, Целинная көчөсүнүн кесилишинде.