Кыргызстандын региондорун банктык жабдуулары менен камсыздоо боюнча биргелешкен пилоттук долбоордун алкагында, “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК 10 банкоматты Айыл Банк” ААКка акысыз пайдаланууга өткөрүп берди.
Урматтуу, Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жай тармагынын кызматкерлери!
2018-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаарында «АгроТехЭкспо-2018» көргөзмөсү ачылды. Ачылыш аземине Биринчи вице-премьер-министр К.Боронов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты М.Бакиров, Кыргыз Республикасындагы Беларусь Республикасынын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Страчко, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Н.Мурашев жана “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасы М.Акимов катышты.
Региондорду өнүктүрүү жылынын алкагында, “Банктар аралык Процессинг Борбору” ЖАК менен “Айыл Банк” ААК биргелешип Кыргызстандын региондорун банк жабдуулары менен камсыздоо боюнча пилоттук долбоорду ишке ашыра башташты.
Бишкек шаарында үстүбүздөгү жылдын 14-ноябрынан тартып 16-ноябрына чейин “АгроТехЭкспо - 2018” республикалык көргөзмөнүн өткөрүлүшү пландаштырылууда. Көргөзмө Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен “Айыл Банк” ААК тарабынан биргелешип уюштурулду.