Жаңылыктар

22.05.2017
“Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова Нарын жана Ысык-Көл облусунун алыс жайгашкан айылдардын мониторингине катышты

18-19-май күндөрү “Айыл Банк” ААКтын Башкармалыгынын Төрагасынын орун басары Гульчехра Камчибекова жана “Айыл Банк” ААКтын Төлөм тутумдар башкармалыгынын башчысы Аида Ыбыкеева Нарын жана Ысык-Көл облусунун алыс жайгашкан айылдардын биргелешкен мониторингине катышты, анда банктык жабдуулар (банкоматтар, пос-терминалдар) маселелери жана аймактарда накталай эмес эсептешүүлөргө өтүү көйгөйлөрү жана аларды чечүү жолдору каралды. Бул биргелешкен иш чарага Улуттук Банктын жана РСК Банктын өкүлдөрү катышты.

17.05.2017
“Айыл Банк” “Айыл-Агро 2017” Эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнө катышты

17-май күнү Өкмөт Үйүнүн жанындагы эски аянтта “Айыл Агро 2017” Эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады, ал көргөзмө КРдин Өкмөтү тарабынан уюштурулду жана “Айыл Банк” ААКтын стратегиялык шериктештигинин астында ишке ашты.

16.05.2017
“Айыл Банк” футзал боюнча банктар аралык мелдешке катышты

15-апрель күнү башталып, дем алыш сайын жана майрам күндөрү 10-июнга чейин өтөт. Командалар А жана Б деген эки топко бөлүндү, ар бир топ 10 командадан турат.

25.04.2017
Фермерлерге жаңы айыл чарба техникасынын тапшыруу аземи болуп өттү

2017-жылдын 25-апрелинде “Автомаш-радиатор” заводунда өлкөнүн ар кайсы аймактарынан келген фермерлерге жаңы айыл чарба техникасынын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул азем “Айыл чарба техникасын лизингге жеткирүүнү финансылоо жана аны тейлөө боюнча инфраструктура объектилерин өнүктүрүү” долбоор боюнча евразиялык экономикалык коомдоштуктун кризиске каршы фондунун каражаттарынан инвестициялык насыяларды берүү жөнүндө Кыргыз Республика менен Евразиялык Өнүктүрүү Банкынын ортосунда түзүлгөн Макулдашуунун алкагында болду.