Жаңылыктар

16.04.2018
Биздин команда футзал боюнча банктар аралык турнирдин биринчи жана экинчи турдун эки оюнун утуп алышты

14-апрель күнү Айыл Банктын командасы Росинбанктын футболисттери менен биринчи оюнду өткөрүштү.

02.04.2018
ЕАБР/ ЕФСР эл аралык миссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына келип кетти

«Кыргыз Республикасын айыл чарба техникасы менен камсыздоону финансылоо» ЕФСРдин инвестициялык долбоорунун мониторингин, ошондой эле Кыргыз Республикасына “Ден соолук кербени” грантын берүү боюнча долбоорду даярдоонун мониторингин жүргүзүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, ЕАБР/ ЕФСР эл аралык миссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына келип кетти.

30.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын кредит портфели 15 млрд. сомго жетти

2018-жылдын 29-март күнү “Айыл Банк” ААК үчүн унутулгус болду, себеби ушул күнү Банктын кредит портфели 15 млрд. сомдук чегинен ашып түштү.

27.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү

2018-жылдын 23-март күнү “Айыл Банк” ААКтын Башкы кеңсесинде Банктын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу болуп өттү, ага акционердин өкүлү, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү, Башкармалыктын мүчөлөрү, Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын өкүлдөрү, “КПМГ Бишкек” ЖЧКнын реестр кармоочулары жана тышкы аудитору катышышты.

26.03.2018
“Айыл Банк” ААК «Nooruz Cup - 2018» шахмат боюнча турнирге катышты

24-март күнү Нооруз майрамына карата “NOORUZ CUP – 2018” шахмат боюнча үчүнчү турнир өткөрүлдү.

22.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын өкүлдөрү “2018-жылы талаачылык айыл чарба жумуштарын өз убагында жана уюшкандыкта өткөрүү боюнча чаралар жөнүндө” практикалык семинар-кеңешмеге катышышты

Бул иш чара Сокулук районунда Кызыл-Туу айыл аймагынын «Ростик», «Мечта» СК, «Насип Дан» СК үрөн чарбалардын базасында 2018-жылдын 19-март күнү өткөрүлдү.

02.03.2018
“Айыл Банк” ААКтын Сокулук филиалы кызылча эгүүчүлөр үчүн өткөрүлгөн семинарга катышты

Үстүбүздөгү жылдын 1-март күнү Сокулук районунун акимдигинде, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрилиги менен “Кошой” ААК, “Щелково-Агрохим” АК тарабынан уюштурулган, Сокулук районунун кызылча эгүүчүлөрү үчүн окутуу семинары болуп өттү.

01.03.2018
Өлкөнүн түштүк жагында “Айыл Банк” ААКтын демилгеси менен фермерлер үчүн практикалык семинарлар өткөрүлдү

“Региондорду өнүктүрүү жылдын” алкагында пландаштырылган иш чараларды ишке ашыруу максатында, Айыл Банк Кыргызстандын бардык аймактарында айыл чарба өндүрүүчүлөрү менен семинарлардын өткөрүлүшүн демилгеледи.