Жаңылыктар

28.10.2017
“Айыл Банк” ААКтын Ноокат филиалынын өкүлдөрү “Алма фестивалы - 2017” иш чарасына катышты

27-октябрь күнү Ноокат филиалынын башчысы Абдибает Муратов жана насыялоо боюнча башкы адис Майрамбек Шерматов Алма фестивалына катышты.

27.10.2017
“Розовый Октябрдын” алкагында “Айыл Банк” ААКта акция болуп өттү.

Эмчектин рак оорусун алдын алуу боюнча бүткүл дүйнөлүк акция өткөн октябрь күндөрүнө “Розовый октябрь” деген ат коюлду. Бул акцияны өткөрүү идеясы Нью-Йорк шаарында 1990-жылы пайда болгон, анда ушул иш чара “Айыгуу үчүн” деп аталган. Акцияга ушул оорудан айыгып кеткен жана аларды колдогон аялдар катышты.

26.10.2017
“Айыл Банк” ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнду уюштурду

Айыл Банк сентябрь айында республика боюнча “Береке” электрондук капчыктын презентациясын өткөрдү. Бул презентация бир убакытта өлкөбүздүн бардык филиалдарында өттү. Ал эми Банктын республика боюнча 180 бөлүгү бар.

25.10.2017
“Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күндүн” алкагында “Айыл Банк” ААКтын Кара-Балта филиалында Ачык эшиктер күнү болуп өттү

Бүткүл дүйнөлүк аманаттар күнүнө арналган иш чара Кара-Балта шаарынын №6 гимназиясында өткөрүлдү, бул окуу жайынын окуучулары көптөгөн республикалык олимпиадалардын жеңүүчүлөрү болуп саналат.

24.10.2017
Айыл Банк” ААКтын Кызыл-Кыя филиалынын башчысы 2018-жылдын жазгы талаа иштерине даярдык көрүү маселелери боюнча жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен жолугушууну өткөрдү

24-октябрь күнү “Айыл Банк” ААКтын Кызыл-Кыя филиалынын башчысы Абдикамал Насиров Ош облусунун Араван районунун Тоо Моюн айыл өкмөтүнүн башчысы Санжар Абдуллаев менен, айыл өкмөтүнүн аппараты жана участоктордун жана айылдардын башчылары менен жолугушууну өткөрдү.

17.10.2017
"Айыл Банк" ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнду өткөрөт

Айыл Банк жакында эле республика боюнча “Береке” электрондук капчыктын презентациясын өткөргөн. Бул көптөн бери күтүлгөн окуя жана ага карата “Айыл Банк” ААК “Акча дүйнөсү” темасына Quiz Night интеллектуалдык оюнга катышууга сиздерди чакырат. Бул тема абдан терең жана кең, бирок ошону менен бирге абдан кызыктуу.

11.10.2017
Урматтуу “Айыл Банк” ААКтын кардарлары жана кызматкерлери!

“Айыл Банк” ААКтын жетекчилиги Сиздерди келе жаткан Бүткүл Дүйнөлүк Сапат күнү менен чын жүрөктөн куттуктайт жана Сиздерге тейлөө тармагында жогорку сапатты, ошондой эле дайыма жана бардык жерде жогорку деңгээлдеги сервисти каалайт!

02.10.2017
“Айыл Банк” ААК Эл аралык карылар күнүнө карата спонсордук жардам көрсөттү

Бүгүн 2-октябрь күнү “Айыл Банк” ААК Эл аралык карылар күнүнө карата Улуу Ата Мекендик согуштун ветерандарынын Коомдук бирикмесине жана оорукта иштегендерге спонсордук жардам көрсөттү.