Илгертен бери кээ бир адамдар эртеңки күндү ойлоп, акча чогултууга көнүмүш.
21 жыл мурун өлкөнүн банктык секторунда Кыргыз Айыл чарба Каржы Корпорациясы (КАКК) негизделди, бул корпорациянын негизги маселеси айыл чарбаны каржылоо болду. 2006-жылы КАКК банктык лицензияны алып, “Айыл Банк” ААКка айланды.
2017-жылдын 3-февралында КР Өкмөтүнүн №58 Токтому чыкты, ага ылайык “Айыл Банк” ААК субсидияланган насыяларды берип баштады.
2017-жылдын 5-6 июнунда “Айыл Банк” ААКтын Директорлор кеңешинин төрагасы Кайрат Маматов жана Насыялоо башкармалыгынын башчысы Мунарбек Шорохов Минск шаарында өткөрүлгөн Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларус өкмөт аралык комиссиянын жетинчи отурумуна катышты.
5-июнь күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук банкында “Айыл Банк” ачык акционердик коомуна электрондук акчаларды чыгаруу укугуна лицензия тапшырылды.