Айыл Банк кардарлар менен баарлашууга жаңы каналын ачты - Whats App тиркемеси түзүлүп, активдүү иштөөдө.
Бүгүн, 2016-жылдын 23-декабрында малды союу жана алгачкы кайра иштетүү үчүн технологиялык жабдууларды чыгарган россиялык өндүрүүчү «КОММАН Групп» ЖАК Айыл Банкта презентацияны өткөрдү.
2016-жылдын 15-сентябрынан баштап 15-декабрына чейин өткөрүлгөн “Төлөмдөрдү жүргүзүп – байгелерди аласыз” АйCard жаштар картасы боюнча акция жыйынтыкталды.
2016-жылдын 9-декабрь күнү, “Агрардык өндүрүштүк-сатуу чынжырларын каржылоо” KfW Германия Өнүктүрүү Банкынын Программасынын алкагында, Кара-Балта шаарында жашылча-жемиштерди кайра иштеткен “Айлана” компаниясы менен Өнөктөштүк жөнүндө макулдашууга кол коюлганы жөнүндө Айыл Банк маалымдайт.
3-декабрь - Эл аралык майыптар күнү Айыл Банктын кызматкерлери мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн Шаардык реабилитациялык борборунда тарбияланган балдарга барышты.