Жаңылыктар

08.02.2018
“Айыл Банк” ААКтын Төрагасы Мурат Акимов Асакабанк менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга жана Өзбекстандын Узагротехмаш Трейд менен айыл чарба техникасы менен камсыздоо боюнча контракттарга кол койду

Кыргыз Республикасына өзбек делегациясынын визитинин алкагында, кыргыз-өзбек бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусу менен, кеңири форматтагы кыргыз-өзбек сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө ушул документтерге кол коюлду.

07.02.2018
Кара-Балта шаарында 048-23-76 Сактык кассасы иштей баштады

2018-жылдын 6-февралынан баштап Кара-Балта шаарынын ылдыйкы аймагында, мурдагы Кара-Балта филиалынын имаратынан 10 метр алыстыгында, Кожомбердиев көчөсү 123 – дареги боюнча 048-23-76 СБК (Сактык касса) иштей баштады.

07.02.2018
Ийгилике бирге: Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмиль Өмүрбеков “Айыл Банк” ААКтын аркасы менен өзүнүн техникасын жаңыртып алды

Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Туз айылынын тургуну Эмиль Өмүрбековдун беш трактору бар, аларды Айыл Банктан лизингге сатып алды. Тракторлор азыркы замандын талаптарына жооп берет, кышында кабинанын ичи жылуу, жайында кондиционер иштеп турат.

05.02.2018
“Айыл Банк” ААКтын Кара-Балта филиалы жаңы имаратка көчтү

Кара-Балта филиалы Кара-Балта шаарынын жогорку жагына көчүп, төмөнкү жаңы дарек боюнча иштей баштады: Кара-Балта шаары, Кожомбердиев көчөсү, 59, 61, Целинная көчөсүнүн кесилишинде.

31.01.2018
5-февралдан баштап Ибраимов көчөсү 108 - дареги боюнча Кардарларды тейлөө борбору иштеп баштайт

Айыл Банктын Башкы кеңсеси Логвиненко 14 - дареги боюнча имаратка көчкөнүнө байланыштуу, ошондой эле Пушкин көч., 50 - дареги боюнча тейленген Банктын туруктуу кардарларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Банк Ибраимов көч., 108 (Чүй пр. кесилишинде) – дареги боюнча жаңы Сактык кассаны ачты.

31.01.2018
5-февралдан баштап Ибраимов көчөсү 108 - дареги боюнча Кардарларды тейлөө борбору иштеп баштайт

Айыл Банктын Башкы кеңсеси Логвиненко 14 - дареги боюнча имаратка көчкөнүнө байланыштуу, ошондой эле Пушкин көч., 50 - дареги боюнча тейленген Банктын туруктуу кардарларына ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында, Банк Ибраимов көч., 108 (Чүй пр. кесилишинде) – дареги боюнча жаңы Сактык кассаны ачты.

08.01.2018
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программаны ишке ашырууда “Айыл Банк” ААКтын ишин белгилеп кетти

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы 2018-жылдын 5-январында КРдин Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматынын грамоталарын тапшырып, жана Накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн арттыруу боюнча мамлекеттик программасынын биринчи жана экинчи этаптарын ишке ашырууда көмөк көрсөткөнү үчүн “Айыл Банк” ААКтын жана Төлөм системалар башкармалыгынын ишин белгилеп кетти.