Жаңылыктар

25.05.2016
«АЙЫЛ-АГРО 2016» эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады!

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн демилгеси боюнча, көргөзмөнүн техникалык уюштуруучусу “Росагромаш” Ассоциациясы менен биргелешип жана көргөзмөнүн стратегиялык шериктеши – “Айыл Банк” ААКтын колдоосунун астында, 2016-жылдын 25-майында Бишкек шаарынын Эски аянтында, өлкөнүн агрардык тармагындагы ири окуя “АЙЫЛ АГРО 2016” - IV эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсү өз ишин баштады.

19.04.2016
“Айыл Агро 2016” эл аралык агро өнөр жай көргөзмөсүнүн уюштуруучулары келүүчүлөрдүн тизмесин түзүп башташты

“Айыл Банк” ААК аймактык филиалдары менен биргелешип, республиканын бардык аймактарынан Айыл Агро көргөзмөсүнө жыл сайын келген адамдардын тизмесин түзүп башташты. Көргөзмөгө келгендердин тизмесине кирүү үчүн бардык кызыкдар болгон адамдар “Айыл Банк” ААКтын бөлүмдөрүнө же өзүн өзү башкаруу жергиликтүү органдарына кайрылса болот.

13.04.2016
Айыл Банк, Кыргызстандагы банктардын арасынан биринчи болуп, Москва биржасынын валюталык базарында бүтүмдөрдү жүргүзүп баштады.

Чет өлкө валютасын чакан көлөмдөрдө сатып алуу керек болгон учурда, банктын алмаштыруу жайларына кайрылуу оңой болгонун ар бирибиз түшүнөбүз. Бирок сумма чоң болсо, мисалы, бир нече миң рубль же доллардан жогору болсо, жана операциялар дайыма жүргүзүлүп турса, анда алмаштыруу жайларына дайыма баргандан көрө биржанын валюталык базарында иштөө варианты пайдалуу.

31.03.2016
Айыл Банк Москва биржасынын валюталык базарында операцияларды жүргүзүп баштады.

Кыргыз Республикасынан биринчи болуп – “Айыл Банк” ААК, – КМШ өлкөлөрүнүн банк-кардарларына биржалык соодалоого кирүү кызматтарын сунуштаган “Төлөм борбору” ЭБНУнун (ЖЧК), - соодалоонун катышуучусу SMA кардар катары, Москва биржанын валюталык базарында бүтүмдөрдү жүргүзүп баштады.

30.03.2016
«Айыл Банк» ААКтын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйналышы өткөрүлдү.

2016-жылдын 30-мартында “Айыл Банк” ААКтын Башкы кеңсесинде Банктын акционерлеринин Жылдык Жалпы жыйналышы болуп өттү.

30.03.2016
Айыл Банк менен Мамлекеттик Ипотека Компаниясы биринчи ипотекалык насыяны тапшырышты

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жеткиликтүү турак жай 2015-2020” Программасын ишке ашыруунун алкагында, 2016-жылдын 25-мартынан баштап, Айыл Банк Мамлекеттик Ипотека Компаниясы (МИК) менен биргелешип мамлекеттик кызматкерлерге ипотекалык насыяларды берип башташты. Биринчилерден болуп медицина жана билим берүү тармагынын кызматчылары болушту. Ош, Токмок жана Токтогул шаарларынын тургундарына ипотекалык насыялар берилди.

26.03.2016
Айыл Банктын кызматкерлери ишембиликти өткөрүштү!

26-март күнү Айыл Банктын 32 филиалында жана Башкы кеңсесинде, кызматтык имараттарды жана банктын административдик имараттарынын жанындагы аймактарды жакшыртуу жана жыйноо боюнча ишембилик болуп өттү.

20.03.2016
АЙЫЛ БАНК БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК АКЧА ЖУМАЛЫГЫНА КАТЫШТЫ!

Айыл Банк “Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы” (Global Money Week) глобалдуу долбоорго катышты. 14-мартынан 20-мартына чейин Айыл Банк республиканын бардык аймактарында окуучулар үчүн Ачык эшиктер күнүн өткөрдү. Бул күнү Айыл Банктын бөлүмдөрүнүн бардык эшиктери жергиликтүү мектептердин окуучулары үчүн ачык болду.

15.03.2016
Айыл Банк Ош шаарынын Мэриясы менен биргелешип жеңилдетилген ипотекалык насыя долбоорун ишке ашырып жатат

“Айыл Банк” ААК менен Ош шаарынын Мэриясынын ортосунда “Жеткиликтүү турак жай Ош шаарында” программасы боюнча кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюлду, ошол программанын алкагында Ош шаарынын тургундары жеңилдетилген шарттарда ипотекага турак жайды сатып алса болот.