Бишкек филиалынын жамааты Жаш Гвардия бульварындагы Экинчи Дүйнөлүк согуштун баатырларынын эстелигине гүлдөрдү коюшту. Мындан тышкары кызматкерлер Ленин районунун беш ветеранына материалдык жардам көрсөтүштү.
“Айыл Банк” ААКтын Каракол филиалы областтык борборунун Коенкозов көчөсүнүн жашылдандыруусуна катышты.
14-апрель күнү Айыл Банктын командасы Росинбанктын футболисттери менен биринчи оюнду өткөрүштү.
«Кыргыз Республикасын айыл чарба техникасы менен камсыздоону финансылоо» ЕФСРдин инвестициялык долбоорунун мониторингин, ошондой эле Кыргыз Республикасына “Ден соолук кербени” грантын берүү боюнча долбоорду даярдоонун мониторингин жүргүзүү процесстерин оптималдаштыруу максатында, ЕАБР/ ЕФСР эл аралык миссиясы Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарына келип кетти.
2018-жылдын 29-март күнү “Айыл Банк” ААК үчүн унутулгус болду, себеби ушул күнү Банктын кредит портфели 15 млрд. сомдук чегинен ашып түштү.