Бүгүн, 2022-жылдын 13- июнунда кызматташтыкты кеңейтүү максатында «Айыл Банк» ААКсы, "CLAAS GLOBAL SALES GmbH" машина куруу компаниясы, «Стандарт Агросервис Машина-трактор станциясы” ЖЧКсы ортосунда айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча контракты түзүлдү.
Бурулкан Төлөгөнова Нарын шаарында жашап, кыргыздын боз үйүн Европа өлкөлөрүнө, Америкага чейин тааныткан айым. Ал “Айтилек” кол өнөрчүлөр кооперативинин жетекчиси. 2007-жылы негизделген бул топто адегенде 10 аял иш менен камсыз болуп турса, азыр 35 кол өнөрчү эмгектенет.
Урматтуу кардарлар, Улуттук банктын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1(ПС) токтомуна ылайык, «Айыл Банк» ААКсы эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын төлөө тартибине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт.
Бүгүн, 2022-жылдын 26-майында “Айыл Банк” ААКсы “Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аттуу Биринчи Евразиялык экономикалык форумуна катышып, сертификатка ээ болду.
Бүгүн 2022-жылдын 26-май күнү «Айыл Банк» ачык акционердик коому менен «Айоне Финансовые Технологии» жоопкерчилиги чектелген коомунун (CEOS оператору) ортосунда кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлду.
“Айыл Банк” ААКсы түзүлгөндөн бери жашыл экономиканы өнүктүрүүнү жана ишке ашыруунун үстүндө иштеп келет. Бул багытты ишке ашыруу максатында, банк бир катар иштерди жүргүзүп келүүдө.
Кечээ күнү, 2022-жылдын 18-майында «Айыл Банк» ААКсы Башкармасынын төрагасынын орун басары Акылбек Байысов баш болгон өкүлдөр германиялык Class машина куруу компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушту.