Бүгүн, 2022-жылдын 17-июнунда «Айыл Банк» ачык акционердик коомунун Өзгөн шаарындагы филиалында тарыхий окуя болду. Себеби, мында Кыргызстандын тунгуч космонавты Салижан Шарипов келди.
Урматтуу кардарлар, техникалык иштерге байланыштуу 18.06.22 саат 22:00дөн 19.06.22 08:30га чейин «АБ24» мобилдик банкинги иштебей тургандыгын маалымдайбыз.
Бүгүн Баткен облусунун Кадамжай районундагы Актурпак айыл өкмөтүнүн Келечек айылында «Айыл Банк» ААКсынын сактык кассасы ачылды.
Бүгүн, 2022-жылдын 13- июнунда кызматташтыкты кеңейтүү максатында «Айыл Банк» ААКсы, "CLAAS GLOBAL SALES GmbH" машина куруу компаниясы, «Стандарт Агросервис Машина-трактор станциясы” ЖЧКсы ортосунда айыл чарба техникаларын жеткирүү боюнча контракты түзүлдү.
Бурулкан Төлөгөнова Нарын шаарында жашап, кыргыздын боз үйүн Европа өлкөлөрүнө, Америкага чейин тааныткан айым. Ал “Айтилек” кол өнөрчүлөр кооперативинин жетекчиси. 2007-жылы негизделген бул топто адегенде 10 аял иш менен камсыз болуп турса, азыр 35 кол өнөрчү эмгектенет.
Урматтуу кардарлар, Улуттук банктын 2022-жылдын 18-апрелиндеги № 2022-П-14/24-1(ПС) токтомуна ылайык, «Айыл Банк» ААКсы эл аралык акча которуу системалары аркылуу акча каражаттарын төлөө тартибине убактылуу өзгөртүүлөр киргизилгендиги жөнүндө маалымдайт.
Бүгүн, 2022-жылдын 26-майында “Айыл Банк” ААКсы “Глобалдык өзгөрүүлөрдүн доорундагы евразиялык экономикалык интеграция. Инвестициялык активдүүлүктүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү” аттуу Биринчи Евразиялык экономикалык форумуна катышып, сертификатка ээ болду.